Сага бир жамандык кылдыкпы? Бир нерсеңден жаздыкпы? Чекилик кетирдикпи? Мынча неге коркутасың, арпаңды кам ордукпу? («Чалкан»).
Сага бир жамандык кылдыкпы? Бир нерсеңден жаздыкпы? Чекилик кетирдикпи? Мынча неге коркутасың, арпаңды кам ордукпу? («Чалкан»). В.: Арпаңды чийки ордукпу? Эмне коркутасың, арпаңды чийки ордукпу? («Чалкан»). Аштыгың кам ордукпу? Ороңдойсуң эмне эле, мен аштыгыңды кам оргонсуп («Советтик Кыргызстан»). Аштыгың чийки ордукпу? Эмне үчүн тигилдиң аштыгың чийки ордумбу? (Бөкөнбаев). Эгиниң кам ордукпу? Эңкейгенде зор Бакай, Эгиниң кам ордукпу? («Сейтек»). Эгиниң чийки ордукпу? Кастарыңды тиккендей, Эгиниң чийки ордукпу? (фольк.).